кементай
- Кийизден жасалган сырт кийим.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кийизбайдын этине, / Найзанын учу тийбген, / Кементай менен күрмөнүн, / Ортосунан найза өтүп, / Түпөгүнөн илинген.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Алмамбетти өлтүрүп, / Куурайдай мойнун кыйыңар, / Агеркечти жулмалап, / Желке чачын кыркыңар, / Кементайды кийгизип, / Кер байталды мингизип, / Алып барып таштаңар, / Карахандын шаарына.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кементай кийип салпылдап, / Шаатемир хандын шаарынан, / Келдиң эле сен долу, / Сур жорго минип шалкылдап, / Суусар кийип жаркылдап, / Суктантып элди шартылдап, / Эми кантип кетесиң, / Сур байтал минип шалпылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Качан да болсо кементайынын ичиндеги жеңи чолок жамаачылуу кара күрмөсүнүн бир чөнтөгүндө ар түрдүү курак жип, кийимдин өөндөрү жүрүүчү.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Чыныбек кап менен кементайды көтөрүп алып чуркаган бойдон Айымсулууга келди да:
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →