кеменгер

китептерде 55 жолу, 8 китепте
  1. Акылман, даанышман, жол башчы, жетекчи.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ — Айкөл Манас көкжалдын, / Арбагы жардам бергин, — деп, / Алмамбет, Чубак – эки шер, / Баатыр Сыргак кеменгер, / Олуйам жардам бергин, — деп, / Өлбөй тирүү кетти деп, / Элдер айтып жүрүшөт, / Карыйа Бакай кеменгер, / Арбактуу Семей атам кел, / Адамдан артык балбаны, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Манасчылар кеп айтат: / “Айкөлүм, Бакай кеменгер, / Алмамбет, Чубак – эки шер, / Өткөзө Сыргак чабендес, / Өлүмдөн коркпос эрендер, / Кызыл тил элден бир башка, / Ырамандын Ырчы уулу, / Ажыбай сындуу чечендер, / Түшүмө кирет” – деп айтат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…, / Аралап өтө бергенде, / Найзакерден экини, / Чокморлуудан бешөөнү, / Томолотуп өттү эле, / Мен- мен деген жетөөнү, / Жыйырма үч балбан илегер, / Баары мыкты кеменгер, / Карсылдашып кагышып, / Каарданып чабышып, / Төбөдө чокмор чакылдап, / Көөдөндө найза такылдап, / Тегеректеп келгенде, / Тентек тууган Кененим, / Кайра жаачу… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Акылман Бакай кеменгер, / Алмамбет, Чубак – эки шер, / Сырттан Сыргак кайран эр, / Кат жазуучу сарайда, / Акылдашып олтурса, / Каныкей кирип эшиктен, / Кашкайып карап турду эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Алмамбет, Чубак – эки шер, / Акылман Бакай кеменгер, / Арстандан бери карата, / Айтылып келген кеп эле, / Алмамбет, Манас, Чубактын, / Оорагы окшош тең эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →