кемеге

китептерде 34 жолу, 7 китепте
  1. Казан асууга, от жагууга ылайыкталып, жерди оюп же жээгин кырдап жасалган очок.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кемегеден Майтору, / Жайнап кызыл чок кетти, / Отту чапчып тартканда, / Чөпкө жалын от кетти, / Кучкачтары дүр этти, / Там, даракка от кетти. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…/ Туубай калган субайдан, / “Тагы жакшы түлөөгө, / Жубу жакшы эмес”, — деп, / Санап тогуз ат таптырып, / Керүүдө жаткан кыргызга, / Келгин деп элге айттырып, / Кемегеге астырып, / Талдан чапкан чөмүчүн, / Эт котортуп бастырып, / Келген элди чогултуп, / Жергелей тартып олтуруп, / Дасторкондун бетине, / Жээрине курсак жок, / Бар… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Колунда барлар тура албай, / Семетейдин алдына, / Кунан байге чаптырып, / Күмбөздү тайып түлөөгө, / Коондой бээни жардырып, / Ак бозунан алдырып, / Ай тамактап чалдырып, / Кемегесин каздырып, / Көп казанды астырып, / Калбай кыргыз көп келди, / Кара курттай кыжылдап, / Бар казанда май кайнап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кемегесин каздырып, / Көмкөрмөлүү казанын, / Алып келип астырып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Ошонун түбүндө, кемегенин жанында кечки тамакты (жарманы айтам да) ичкени отурганбыз. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →