кемдик

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Жетише бербегендик, кем экендик, аздык.
  2. Акыл-эси, кадыр-баркы төмөн экендик, начарлык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…и жагымдуу, / Кеп айтууга ыктуусун, / Кычырып келди баарысын, / Тарттырып арак-кымызын, / Жыктырып тайдын семизин, / Кыргыздын пейли кеңдигин, / Кылымда мындай кемдигин, / Кыдыртып жүрүп Медеркан, / Барып кайра келгинче, / Айтып берди бар кебин: / — Эп келеби силерге, / Ал Чигитей баатырга, / Мен Торгойду берейин, / Уккандын б… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Жергелүү киши сен болдуң, / Азып келип элимден, / Амалсыз Чүрөк мен болдум, / Билгиздиң, Кыйаз сен мага, / Олжо катын болгонум, / Таластан келген Айсалкын, / Жалгыз ошол тырмаңдап, / Өзүм кестим киндигин, / Ошондо анык билинди, / Менин элде кемдигим! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Артык, кемдик барк болсо, / Жер тарабын карайлы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →