кембагал

китептерде 7 жолу, 4 китепте
  1. Колунда мал-мүлкү, байлыгы жок кедей, жарды.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

айттарда, / Уулдун уулун ээрчитип, / Айырмачка мингизип, / Бут капка бутун киргизип, / Үйүрү өсүп жатканы, / Антип элге билгизип, / Ай сайын киймин талатып, / Кембагалга бергизип, / Билгизбей андай карылар, / Жардамын элге тийгизип, / Жаштарга насаат кеп айтып, / Өз уулуна бек айтып, / Бири укпаса, бири угат, / Эрикпестен көп а… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Айлантып суусун чачтырып, / Садагасын чаптырып, / Сарыбашыл койун мууздатып, / Кембагалга уучтатып, / Сарыбашыл уйун талатып, / Жыйылып келип топтолгон, / Жашы-жалаңы, кары-жаш, / Баатыр эрди карашып, / Эки айактуу жумур баш, / Көргөндүн баары жаратып, / Чолпондой жүзү нурланган, / Чоктой көзү кызарган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кембагалдын жери экен, / Жер жемиши мал экен, / Жалгыз эчки болсо да, / Жан сактап кетер жер экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Өзүнө ылайык кембагалдын кызы Умсунайга баш кошуп "эки бакыр, бир тукур" болуп оокат кылышат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
Кембагалдар тоюнуп жыргашты. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →