кем-карч
- Оокат-тиричиликтеги ар кандай муктаждык, зарыл болгон нерселер, керектөөлөр.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
элем, көл болдум, / Кокту элем, төр болдум, / Аз киши элем, көп болдум, / Учкун элем, өрт болдум, / Толкуган дайра сел болдум, / Тоо менен бүгүн тең болдум, / Кем-карчы жок ишинде, / Телегейим тең болдум, / Улуктугум билинсин” – деп, / Бутун жерге тийгизбей, / Боортоктоп кирсин, деп, / Буйрук кылды келсин, деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жигиттин баары шайлалуу, / Тулпардын баары байлалуу, / Жоо-жарагы, кийими, / Кем-карчы жок камдалуу, / Азыгы бар баарында, / Аттанып чыкты эр Манас, / Коконго мурда барууга, / Колкого колду салууга, / Коконду алып колуна, / Ташкенди анан чабууга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →