кем
- Саны, көлөмү ж. б жагынан толук эмес, аз, кемиген, жете бербеген абалда, кемчилдиги бар.
- Акыл-эси, кадыр-баркы, жүрүм-туруму ж.б. жагынан башкалардан төмөн, өз катарындагыларга тең эмес.
- Ондуктан, жүздүктөн, миңдиктен турган төгөрөк сандарга канчасы жетпегендигин көрсөтүү үчүн колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Комулдагы Таабалды, / Адам коркор эр ушул; / Турпандагы Турумбек, / Түбү уунун бири бу; / Манастагы Такырбаш, / Тап бергенин качырбас, / Анткен менен Такырбаш, / Өзү мыкты амал аз; / Жалгызектин Бактыбай, / Кан ичменин бири бу, / Бекбачадан кем эмес, / Белдүү баатыр мына ушу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Касташканды кем кылдың, / Кара жерге тең кылдың, / Калмактан келген Калдайды, / Мен- мен деген чанданды, / Баарысын жалмап жеп койдуң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Суудан кечип чыкканда, / Өгүз өтмөк, тай өтмөк, / Өрдөшүнө барганда, / Колду эсепке алганда, / Хандар эсен, кол эсен, / Тазбайматтын бир киши, / Санатында кем экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Душманга барса аттанып, / Сен экөөңдү бел кылды, / Жети хан аргын ногойго, / Сен экөөңдү хан кылды, / Душманыңды кем кылды, / Тууганыңа бел кылды, / Семетей сага, Канчоро, / Кай жеринен тайгылды?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
– Мен ушундан кантип кем калайын?
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →