келме

китептерде 7 жолу, 2 китепте
  1. Ислам динин туткан адамдардын кудайдын бирдигин, Мукамбет анын элчиси экендигин ырастоо, моюнга алуу, ага ишенгендигин айгинелөө үчүн айтылуучу атайын формула (ла аллахи иллалла, Мухаммед Расул Алла – Бир Алдадан башка Алда жок, Мукамбет Алданын элчиси).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…де башында, / Катчы, вазир башында, / Кол башындай “аптиек”, / Кошо кармап колуна, / Эшиктен кирди эр Көкчө: / — Алмамбет, балам, келгин — деп, / Ыйман айтып, “келме” айтып, / Ислам динге киргин, — деп, / Такта кат окуп башынан, / Алланын атын билгин, — деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
дейт, / Оозуңа алба “келме”, дейт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…/ Таштабай бизди ала кет, / Жаныбызсың Алмамбет, / Калпыбыз эмес айткан кеп, / Каканга койбой ала кет, / Аркаңа бизди сала кет, - / Анда туруп мен айттым: / — “Келме” айтсаң келгиле, / Кетели бирге жүргүлө, - / Айтканга тили келбеди, / “Лала, лала” дегенин, / Жүрүгүлө дегемин, / Жүрүп кете бергемин, / Алты күн жүрүп арада, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ошол Ажат суусунун, / Айланып келме адырдан, / Кургак жолу дагы бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
– Үсөн менин иним окшойт, ээсин алып келмейинче бербейм, – деп эшекти Асан балдарга бербей коёт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →