келиштир

китептерде 8 жолу, 5 китепте
  1. Аябай мыкты кылуу, келбетине чыгаруу, көркүнө келтирүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…, / Балтыкка көчүп барышты, / Дөбөдөй болгон токсон миң, / Үйдү тигип салышты, / Мамыга тартып кермени, / Суурулган күлүк, жоргону, / Кежимдеп үрдүк жабышты, / Келиштирип кермеге, / Абдан байлап салышты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Казына оозун ачыптыр, / Кебелтбей да, бурчалтпай, / Келиштире катыптыр, / Көзү тойуп дүйнөгө, / Чыканактап жаш жолборс, / Бир азыраак жатыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Сабын сары алтындан, / Чагарагы ак күмүш, / Келиштирген Бөлөкбай, / Кылапка салып кармаса, / Жети карыш болуптур, / Кылапка сууруп өлчөсө, / Кырк аршынга толуптур, / Сырты калың, өткүр миз, / Учу кайкы, мойну түз, / Күн чагылып жарк этет, / Доош чыгып шаңк этет, / Ары-бери имерсе, / Кызыл жалын жалт этет. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кержеңдеген Сур кула, / Келиштирип минипсиң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Ырды да келиштирет. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →