келишкен

китептерде 45 жолу, 8 китепте
  1. Келбети, көрүнүшү же башка сапаты мыкты, кооз, баа жеткис, бардык жагынан төп келген.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Көрө салып беш киши: / — Аты-тону келишкен, / адамдан башка не киши? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Сары жел артуу туу белде, / Салкын жерде жатайын, / Кол-бутум сунуп керилип, / Уйкунун даамын татайын, / Келишкен сонун жер экен, / Ыраатын мунун татайын! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Чыга калса кашатка, / Көпүрө турат заңгырап, / Көз тайгылып жиги жок, / Келишкен экен зымылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Айчүрөк турду кыз болуп, / Куйалы турду токтолуп: / — Ой, жан досум эжеке, / Батыш менен түштүктө, / Жүрбөгөн жерим жок эле, / Мындай сонун келишкен, / Жер көрбөдүм деги эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кең соорусу келишкен, / Кебездей болгон көкүлү, / Көзүнө ченеп керткендей. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →