келишимдүү

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Келишими, келбети келишкен, сымбаттуу, сыны көрктүү, кооз, жарашыктуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…пак кызыл чок, / Сегиз буттуу чач теңге, / Аркасында шаркылдап, / Туура тарткы күмүштөн, / Маңдайында жалтылдап, / Элечеги заңкайып, / Кийгени кызыл дейилда, / Келишимдүү залкайып, / Булгаары тердик беш кадак, / Бурчунда, чеге жаркылдап, / Кундуз менен жээктеп, / Куйушканын байлабай, / Күмүш менен тээктеп, / Үзөңгү күмүш жалтылд… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Андан ары өткөндө, / Кетментөбө жер деген, / Келишимдүү эр деген, / Кендирбайдын кер көкүл, / Жетимдиктен жетилген, / Эркин өсүп керилген, / Ак болоттой келишкен, / Эрдиги артык теминген, / Жамынган аппак тону бар, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…деттери далдаңдап, / Алып учуп калдаңдап, / Чойтолоңго барышты, / Хан чакырат сени, деп / Айтып кабар салышты, / Койгон аты Чойтолоң, / Көркөм жигит болбосо, / Келишимдүү койкойгон, / Түк күлбөгөн аз сүйлөп, / Бойлуу киши зоңкойгон, / Алдыңкы эрди кеберсип, / Ач калгандай томсоргон. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →