келинчек
- Жаш келин.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эрден калган келинчек, / Эр издеп жүргөн киши эмес.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Бакайды көрүп Айчүрөк, / Ак саамай болгон кезинде, / Баш урунган келинчек.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Тандап калган коңшусу, / Кара кыргыз көп элден, / Кырк келинчек, кырк уулду, / Коңшу кылып имерген.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Алиги Жапаркулдун келинчеги өзү бир маймактап жүрө алмаган неме экен.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Ошол жерден эки агасы Асандын келинчегин, булбулду көрүп көңүлдөрү бузулат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →