келин

китептерде 317 жолу, 10 китепте
  1. Уулунун же инисинин аялы.
  2. Жалпы эле өзүнөн кичүү туугандарынын (инилеринин) аялы, келинчеги.
  3. Турмушка жаңы чыккан келинчек же жалпы эле жаш аялдарга карата колдонулуучу сөз.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ды бизди деп шашып, / Аша-шаша калдаңдап, / Аттарынан куланып, / Жыгылып-кууп тамтаңдап, / Таазим кылып бүгүлүп, / Катындарча жүгүнүп, / Кендиргелеп бүгүлүп, / Келиндерче жүгүнүп, / Кеп айталбай аптыгып, / Кер сары болуп өң азып, / Таноолору кыпчылып, / Тарамышы тырышып, / Салам айтып калтырап, / Корккондугу билинип, / Кол куушу… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…/ Каныкей тирүү көрбөсө, / Алмамбеттен өлдүм, деп, / Чубактан кордук көрдүм, деп, / Токтоно албай эр Шууту, / Кирип чыгып делдеңдеп, / Кайгы тартып турганда, / Келин каш таңдын алдында, / Үч караан чыкты эрбеңдеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эркектер улак тартышып, / Урумдан келген кыргыздын, / Эбедени эзилип, / Эт жүрөгү жетилип, / Түйүндүү сыры чечилип, / Жандап келип келиндер, / Акбаланы көрсөтүп, / Көргөндө Гүлнар жүгүнүп, / Башкага чылбыр карматпай, / Атын алды жүгүрүп, / Көчүрүп келип Гүлнарды, / Коргонго алды түшүрүп, / Урумдун … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Бул Шадыкандын келини болуп чыкты. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Келинимди таап, баламды тиргизип бергин, – деп боздотуп кыйнай баштады. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →