келесоо
- Макоо, акылсыз, кем акыл.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ажат кылды Алмамбет, / Чыдап карап туралбай: / “Көк мелжиген зоо кылып, / Тоо жараттың кудурет, / Бир жагы оң, бир сол, / Кол жараттың кудурет, / Кай бир жанды келесоо, / Чоң жараттың кудурет, / Эрибеген муз кылып, / Тоң жараттың кудурет; / Өчөштүрүп бир бирин, / Жоо жараттың кудурет, / Буга окшогон соргучту, / Мен байкуштун …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Дарыя бул досун жейин деген кандай келесоо неме деп жана кашкулакка боору ачып, ары-бери толкуп чайкалат да:
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Элдердин баары самсаалап өтүп жатканда бир келесоо сары таз "Барсамбы, барбасамбы"-деп отуруп, бир убакта зөөкүрлөнүп кандын алдына келип калат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →