келерки
- Эмки боло турган, келе турган, эми болуучу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…төрө кырбайбы, / Тукум курут кылбайбы, / Сынбай бутуң аксайбы, / Жилигиңди чакпайбы, / Жып-жылма түптүз кылбайбы, / Жылас кылып тынбайбы, / Азыркысын кетели, / Келеркисин дешели, / Келер жылы жайында, / Уруумдан, усун, кол кура, / Чыгыштагы беш урук, / Кол салалы кыргызга” / Деп кеңешип киргенде, / Өмүр жандын Кызылкыз, / Эч киш…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Көтөрүлбөй эсиркеп, / Көкчө менен бир зилдеп, / Кабарчыга ошондо, / Көкжалың айтты мындай кеп: / — Келген жигит, кайтып бар, / Кепти төкпөй айтып бар, / Келерки күнү пейшемби, / Кечикпестеп мен басам, / Аттанган болсо казактар, / Араниктен табышам, / Банус хан, Дөөкан дегенди, / Соксо, Сотой эрлерди, / Башкача угам каб…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Отуз миң болду санаатың, / Капакка салып бал алгын, / Каймакка бышкан нан алгын, / Субайын бөлүп ылгагын, / Келерки жылы текеде, / Суусамыр барып жай алгын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Анын келерки тагдырын ойлоймун.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Эмесе балаңды мага бергин, мен окутайын, келерки жылы дал ушул убакта келип аласын.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →