келбеттүү
- Көрүнүшү келишимдүү, сын-сыпаттуу, келбети көркүнө чыккан.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кызыл жүздүү, ак беттүү, / Кыздан сулуу келбеттүү, / Айдардын учу жылтылдап, / Тизип койгон немедей, / Төп келтирип берметти, / Мурду кырдач, кара каш, / Кабагы бийик, өңү саз, / Эрибес боору, кара таш.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Айкөл Манас, Чынача, / Урушканда Ооганда, / Коросон менен испандык, / Коңурбайга алданып, / Барган экен башында, / Кечириптир күнөөсүн, / Келбеттүү Манас падыша, / Испан менен Коросон / Жана келип калыптыр, / Анткор калмак алдаса.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…п, / Жан-жагына каранып, / Кичине барча дөбөдөй, / Миң батман күрзү колго алып, / Күркүрөгөн куушта, / Жолборстой болуп үн салып, / Беттеше турган кез болду, / Келбеттүү Сыргак найза алып, / Качырган ооган кара тоо, / Качпай Сыргак бет алып, / Кайнаган курттай чогуудан, / Кабылды келип кол салып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кебелип койбойт Кылжыке, / Келбеттүү сулуу заңкайып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Ийриси жок түз көптү, / Сымбаты артык келбеттүү, / Сепкили жок ак бетүү, / Кайран эр кандай болор?!”деп, / Каңгырыктап эл кетти, / Жеткен жерде Кутургу, / Гүлүскө найза сайдырбай, / Сайдырбай да кактырбай, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →