келбет

китептерде 38 жолу, 8 китепте
  1. Адамдын сын-сыпаты, турпаты, жалпы көрүнүшү, элеси, сымбаты.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Көрпөчө кызыл макмалдан, / Кылка чети саймадан, / Келбетин көргөн келиндин, / Сыртынан көрүп таңданган, / Жандай басып күйөөсүн, / Ак маралдай шаңданган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Келбети мага жараса, / Энемдин берген кеңеши / Мага жакшы кеп экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Анын ары жагында, / Каркап кырк миң кол баккан, / Кагышканда кан аккан, / Кырмусшаанын Мурадил, / Кызыл жээрде ат минген, / Кыл куйругун чарт түйгөн, / Кароолчу эле бир чети, / Ханга ылайык келбети, / Турган экен бул айбан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Алтын чырай нур бети, / Бүтүн кылым элде жок, / Атаң Семей келбети, / Төгүлүп жерге тамчудай, / Бетинен жааган бермети. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Капкара болуп келбети, / Тешиги жок түбүндө, / Ал чүпүрөк калтадай, / Аңтарылып кеткени. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →