келберси

китептерде 23 жолу, 7 китепте
  1. Келбеттүү, сын-сыпаттуу болуп көрүнгөнсүү, ушундай болууга аракеттенүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

— деп, / Келберсип көкжал баратат, / Бастыра түшүп Саламат, / Кылчаңдап артын каранат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кендирбайдын Керкөкүл, / Келберсиген эр Көкүл, / Жардай сары ат минип, / Жан айабай бир тийип, / Бара жатса бир жактан, / Алты калдай, он балбан, / Кесе дөөсү баштаган, / Кесе дөөсү Кошойду, / Көмө сайып таштаган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Келе турган Сейити, / Кектүүнүн баарын кыйратып, / Келберсип турган чунагы, / Жүйрүн дөө берген белекке, / Алмамбеттин Алмабаш, / Атып жүргөн убагы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Келберсиген абамдын, / Кеңешин угуп келдиң, — деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Ак калпак кыргыз ичинде, / Алты сан аргын эли, деп, / Кең Таласты жердеген, / Келберсиген элди айткан, / Эсепке алып Сомбилек, / Эл байларын санаткан, / Эң алдыңкы байлары, / Үч жүздөн кулун байлашкан, / Айагы кырктан бээлүүдөн, / Эсепке алып санаткан, / Отуз миңге жакындап, / Толуп байлар бараткан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →