кектүү
- Кеги бар, өчү бар, ичине кек сактаган.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Өлгөндөрдү кум менен, / Кишиге киши кол менен, / Кектүүнүн кегин чыгарсаң, / Калгандын көөнүн агартсаң, / Мындан кийин тийбеске, / Убаданы бек кылсаң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Арканча кылып жорусаң, / Келбейт дейим оңунан, / Келет окшойт далай эр, / Кектүүлөрдүн чоңунан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кектүүңөр алдың кегиңи, / Чайкадың калмак элини, / Көңтөйүн сайып жыктыңар, / Оморуп моңгул белини.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Келе турган Сейити, / Кектүүнүн баарын кыйратып, / Келберсип турган чунагы, / Жүйрүн дөө берген белекке, / Алмамбеттин Алмабаш, / Атып жүргөн убагы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Көзүнүн жашын имерип, / Тууганымды таптым, деп, / Шолоктоп ыйлап жиберет, / Ичинде турат Сомбилек, / “Кектүүнүн баарын таптым, деп, / Окмогой менен Чокмогой, / Жер кучактап жаткын!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →