кекиртек
- Адамдын, жаныбарлардын ооз көңдөйүн өпкө менен туташтырып, дем алуу, дем чыгаруу учурунда аба өткөрүп туруучу түтүкчө.
- Моюндун тамак өтө турган бөлүгү, алкым.
- өт. Жалпы эле тамак-аш, оокат, ичмей-жемей деген мааниде колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…чакты маңдайдан, / Көрүндү Манас көзүнө, / Кулак салып угалы, / Алтыкенин сөзүнө, / Каргылданып буулугуп, / Так келбей тили буулуп, / Жакадан алган киши жок, / Кекиртеги муунуп, / Алаңдап көзү кетиптир, / Саргарып өңү куулуп, / Ажат эмес кеп сураш, / Коркконун билди эр Манас: / — Хан атамдын үйүнө, / Алпаргыла, жигиттер, / Эс а…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кекиртеги куртулдап, / Ойрон Сейит баатырга, / Жетип келди чукулдап, / Найзасынан куу чыгып, / Таноосунан буу чыгып, / Терекбайды көргөндө, / Чойтолоң менен Тазкара, / А…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Өрөөн менен жел согуп, / Сыдырым шамал салкында, / Чөп деңиздей калкылдап, / Дүкдүйө түшүп түрүлүп, / Көк жашыл болуп жалтылдап, / Үн салып булак шырылдап, / Чегирткелер чырылдап, / Жалбырактар дырылдап, / Көлдө сүзүп субайлар, / Мурундары бырылдап, / Мышыктар жатат бүкүйүп, / Кекиртеги кырылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Сөөгү менен иши жок, / Ирик койдун жилиги, / Кекиртекке такалып, / Токтоп калган жери жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Көк карышкыр жолукса, куйругумду бир апчып сугунуп, кекиртегимди чарт жулуп, анан баса калып жей баштабайбы!
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →