кекирей

китептерде 2 жолу, 2 китепте
  1. Кейкейген, кекейген көрүнүштө болуу, башын чалкалата көтөрүү.
  2. өт. Бой көтөрүү, адамды теңсинбөө, мыктысынуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Бир кезде карасам, көзү өлүмкү тартып, чөп кыркпай кекирейип, койдун бир четинде туруп калыптыр. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Кээде ушинтип кекирейип каласыз... Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →