кекире
- Жапайы чыгуучу, ачуу даамы бар, жапыз өсүүчү куурай, отоо чөп.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жапалдаш сары чечекей, / Апийинден кем эмес, / Эрмен менен боз куурай, / Кайнатып суусун жууганда, / Териге желди жуктурбай, / Көлү менен күлепше, / Көп экен дары бул жерде, / Тал мыйа менен кекире, / Табылбайт бизде дегеле, / Сандап жатат ар жерде, / Дары эсептеп билесе.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Доңуз сырты кой таңдай, / Эндик, мыйа дагы бар, / Боз куурай, коко, кекире, / Мындай чөптүн баары бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…п, / Токтоно албай элирип, / Куйругун сыртка салышып, / Кулун-тайы жарышып, / Төөнүн баары дардайып, / Өркөчтөрү каркайып, / Алдыңкы ээрди шалпайып, / Алабата, кекире, / Ашаган үчүн абыдан, / Жин жыттанып буркурайт?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →