кекилик
- Тоок тукумуна кирүүчү жүнү чаар жапайы канаттуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эрдинен көзөп тешпесем, / Кекиликтей мойнунан, / Кедери толгоп үзбөсөм, / Арбагы Манас жар болсо, / Биргелешкен тогуздун, / Тобун бузуп келбесем, / Келгис кылып Таласка, / Жолун тосуп келбесем!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Элиме келдим дегенсип, / Эрдемсип мойнун толгосо, / Кекиликтей мойнунан, / Тетир толгоп үзөйүн, / Ийри жерин түзөйүн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Манас эмес чоросу, / Кабылан экен тоодогу, / Келбетинен корунуп, / Кекилик болдум тордогу...
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ “Арам гана акмак кул, / Арибин көр, антын көр, / Кылып турган дартын көр, / Көгүчкөндөй мойнуңду / Толгоп үзүп албасам, / Көрүнөө майып кылбасам, / Кекиликтей мойнуңду, / Кедери толгоп албасам, / Кеткис майып кылбасам”.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Тык-тык эткен кекиликтердин үнү угулат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →