кекеңде

китептерде 8 жолу, 4 китепте
  1. Кекең-кекең этүү, кекеңдөө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…Келген менен Каракөз, / Саранжаны өлтүртпөй, / Ажыратып алалбай, / Бекер туруп калалбай, / Найзасын кармап бекемдеп, / Каадалуу балбан кептенип, / Беттеп кирди кекеңдеп, / Алмак-салмак теминип, / Эки буту тепеңдеп, / Ирмебей көзү чекчейип, / Киндигин тартып, бел түйүп, / Кууратам деп мекчейип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
Элим аман экен, деп, / Жерим бай кер, деп, / Жетип барып келейин, / Жедигер аман бекен, деп, / Кеңколдон түшүп түз менен, / Кетип барат Кененим, / Кеңкула аты кекендеп, / Жолунан бир кыз жолукту, / Саамай чачы теңселет. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Карап калды Көкчөкөз, / Ого бетер бекемдеп, / Эрдигинин чеги жок, / Эрениң келет тепеңдеп, / Алдындагы Аккула, / Башын силкип кекеңдеп, / Өпкө, боор тушу деп, / Өлөр жери ушу деп, / Акыректен чөгөрүп, / Айбалкадай көтөрүп, / Кароолун бүл-бүл житирет, / Машааны тартып жиберет. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кангайда артык Оронгу, / Кошойдун үнүн укканда, / Көзүн ачып эс жыйнап, / Бозчаар менен бурулуп, / Чаңдан чыкты көрүнүп, / Санаадан көөнү бүлүнүп, / Көзүнөн жалын төгүлүп, / Найзасын кармап бекемдеп, / Абакеңе Оронгу, / Катуу кирди кекеңдеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Алыкеси кержейип, / Кекеңдеген неме элең, / Сатикеси туйт десе, / Талоочу иттин бири эле, / Айрыкчасы Жедигер, / Эркин сүйлөп көөнү өсүп, / Болуп алган эл эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →