кекеч
- Сөздү шар сүйлөй албай, токтоптоктоп, мукактанып сүйлөгөн киши, сакоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Кулагы дүмпөр укпаган, / Тили кекеч ээ дебес, / Оозунан зобон чыкпаган, / Аны менен тогуз жан, / Мыкты агасы бар эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Караногой Мажиги, / Кирип келди ал үйгө, / Эки жеңи салынып, / Кытыгыйдын көзүнө, / Баатырлыгы таанылып, / Кытыгыйы кытылдап, / Тили кекеч болуучу, / Кеп айталбай кыкылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кең дүйнөсү тар болду, / Кеп кылбас кекеч эл болду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Нарында бар Алооке, / Баарыбыз бассак бирөөнө, / Бабырап атып жатканда, / Баатыры Манас айтты анда: / — Алп Жакып атам, Жамгырчы, / Санааңды, кыргыз, жам кылчы, / Акбалта, Шыгай, Текечи, / Кырк жигит менен барамын, / Мен уулайын моңгулдан, / Тил билбеген кекечти, / Келерге жолду тар кылды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ага айткан кебим бул, / Ой десе, ой — деп — кол булгап, / Тилим кекеч — деп булгап, / Жооп бербедим түз гана, / Сөзгө келсем ал жерде, / Койбостой тирүү көрүндү, / Боз ала чамбыл таш жерде.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →