кекенч
- Кек, бирөөгө кекенип, кек сактап калгандык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кете берем Бекбача, / Кержеңдесең тил албай, / Кекенчимди чыгарам, / Айдап малың чубатам, / Каратып туруп көзүңө, / Кырк балбаның сулатам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кечикпей, айкөл, келбесең, / Кол үзөсүң элден сен, / Кекенчи күчөп баратат, / Коңурбай, калча дембе-дем.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ушундан калып кекенчи, / Кийинчерээк Сарыбай, / Таласка басып барганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →