кекен
- Бирөөдөн кек алуу, жамандык кылуу ниетинде болуу, ичине кек сактап калуу, бирөөгө айыгышуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жым-жым этип зымырап, / Зоо болуптур Бекбача, / Кара кулка кабылан, / Шер болуптур Бекбача, / Чалкайган жайлоо төрүндөй, / Кең болуптур Бекбача, / Кекенишкен ким болсо, / Кем болуптур Бекбача, / Аркадан шамал айдаган, / Кебездей булут тараган, / Жел болуптур Бекбача.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ — Кекенген менде кектүүңөр, / Кеңешип туруп бириң кел, / Корксоңор жалгыз келгенден, / Кошулушуп экөөң кел!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кезенишип Кененге, / Кекенише келгенде, / Калдагай кулак Чойун алп, / Хан Чиктейдин эр Сакта, / Чойун алптын Саранжа – / Үчөө катар сулады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кекенип кетсе күркүрөп, / Булгап найза колго алып, / Катуу тийди бадырек; / Карап Көкүл турбады, / Тоодой болгон Кесенин, / Кагып ийип найзасын, / Кый сүбөөгө муштады, / Колу күчтүү артык эр, / Жыйырма беште кеменгер, / Томоро сайып таштады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кайсы түрдө эл болсо, / Душман болсо, дос болсо, / Алдынан тосо барайын, / Издеп келген дос болсо, / Учурашып жанайын, / Кекенип келген жоо болсо, / Салгылашып багайын, / Талпагын ташка керейин, / Тартынбай туруп өлөйүн” / Деп ошентип Кара дөө: / — Жанымда Токой жолдошум, / Ар качан бирг…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →