кейиш1
- Кейип турган кыйын шарт, убайым, капа, кайгы, муң.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…Асылбача-Бекбача, / Эгиз туулган шейитти, / Бекбачадан Сомбилек, / (Кызматын кыргыз эл билет) / Сомбилектен Чигитей, / Тукумсуз жанды кейитти, / Эстесек тартып кейишти, / Эт жүрөктү эритти.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Муну мындай таштайлы, / Кейиш тарткан Кененим, / Кеселинен баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Келберсиген чунагым, / Кейишке мынча батпагын, / Келүүгө элге кат жазам, / Эптүү киши атказам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Угуп туруп эр Сейит: / “Куткарбас деген арам кор, / Тапан хандын элине, / Салган экен көп кейиш, / Тапан хандын элинде, / Балбандары көп экен, / Алалбаптыр эңкейтип, / Тарттырып алар катынын, / Жүрүптүр булар темтейип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Ормойо калып Сейитек: / — Алып келбес жерим бар, / Эсиме салдың атаке, / Унутуп калган кебим бар, / Талаада муну айтпайын, / Жүрү, атаке, үйгө, — деп, / Баштап алып Сейитек, / Кыйазга салды кейиш кеп,- / Талаадан кармап кайыпты, / Алып келдим атаке.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →