кезик2
- Кездешүү, жолугуу, учурап калуу, кез болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ырап, / Корккондугу билинип, / Кол куушуруп турушту, / Көздөн жашы бош кетип, / Мурдун тартып шор этип, / Маңкалары чубалып, / Эми өлдүк бүт дешип, / Кененимге кезигип, / Кетти деп башым кесилип, / Кеп кылалбай турганда, / Кейпин көрүп булардын, / Мени тааныйт экен, деп, / Кененим айтат мындай кеп: / — Калтырап келип турасың,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…минген Коңурсур, / — Карманаптын иниси, / Карадөөнүн аты бул, / Арып-чарчап калбаган, / Алтыке өзү мыкты уул, / Букардын үстү кең Акчий, / Келе жатып Алтыке, / Кезигип калды көп элге, / Учураган кишини, / Алтыке таанып билбеди, / Чыдай албай Алтыке, / Атын сурап жиберди, / Сураганда кеп айтты: / — Шаатемир атым, деп айтты, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кандай адам кезиккен, / Как ушундай чаңдарга?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Анын бир максаты: алдынан кезиккенин атуу, кан төгүү, кыруу, мал мүлкүн талоо, чарбаны бүлдүрүү...
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Жолдо келе жатып Султаналы бир казыга кезигип калды.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →