кезигиш
- Бири-бири менен кездешүү, жолугушуу, бирине бири учуроо, кез келүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…, / Ак жал сары ат заңкайып, / Чолпонбай келет октолуп, / Бет алган жагы өрт болуп, / Барбагын деп кыргызды, / Калтырып койду бек тосуп, / Кесилетке Саламат, / Кезигишти жолгошуп, / Жеткен жерде салышып, / Кез керип найза сайышып, / Өтө мыкты шамдагай, / Өткүр тууган Саламат, / Кылча жанын айабай, / Өлөмүн деп санабай, / Кызымт…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Шаардын чет жагында бир көпүрөдөн, кечке жуук кезигиштик.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Анан келе жатышып алар төөгө кезигишти.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Үч жерден үч ууру аттанып, бир жерден үчөө тең кезигишет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →