кезен

китептерде 50 жолу, 8 китепте
  1. Бирөөдөн өч алуу же бирөөгө жамандык кылуу, кыйратуу, сокку уруу максатында ызырынуу, кыжырлануу, жаалдануу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кел бери, деп марашып, / Булар кезенишип турушту. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Коросон, испан кетпесе, / Кезенишип диттесе, / Амал менен урушуп, / Айла кылып тургула, / Туйдурбастан жылыштап, / Таласты карай жылгыла. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
– / Деп арыстан кезенди, / Качырып келип кабылан, / Экини чаап жиберди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Салмоор менен таш урган, / Кезенгенин жок кылган, / Күндүк жерден жаа тарткан, / Түштүк жерден найза аткан, / Канжар уруп жан алган, / Канжарды жаза урбаган, / Өтө мыкты неме эле, / Сейит аны биле … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…омугу канча жарылды, / Элебей буттун сынганын, / “Эми сайып бурутту, / Жылмалап муну тынайын” / Ээрдин кесе тиштенип, / От жанып көздөн күчөнүп, / Заарын салып кезенип, / Күүлөп найза безенип, / (Бул белгиси келгенде, / Бекер өлүм табылчу, / Жалгыз менмин дегенге) / Найзанын учу жетээрде, / Томкоро сайып кетерде, / Алдыртадан… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →