кезекте

китептерде 27 жолу, 7 китепте
  1. Кезектешүү, кезеги боюнча, кезегине жараша аракет кылуу, кезек күтүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ “Өлөт экен Бекбача, / Кыргыз эсин жыйгыча, / Биз баралы тебелеп” / Деп ойлошуп алышты, / Усун менен маңгыттар, / Чогулуша барышты, / Беш миңчелик кол менен, / Таласка келип калышты, / Кадалуу хандар келгенсип, / Арага элчи салышты, / Элчи келген кезекте, / Эл аралап Бекбача, / Атка минип калышы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Бир кезекте кара көк, / Кара бойун безеди, / Канкор Манас баатырдын, / Арбагын бүгүн эстеди: / “Түп атам Манас сен болуп, / Семетей атам эр болуп, / Сейтек өткөн шер болуп, / Кененим өттү дүйнөдөн, / Периште менен тең болуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Ошентип турган кезекте, / Айжаңжүн кирди бакырып, / Кырк баатырды тебелей. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ал кезекте эрлердин, / Салтанаты бир башка. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Качырды типтик баатырды, / Карап бенде туралгыс, / Ал кезекте капырды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →