кезек-кезек

китептерде 15 жолу
  1. Анда-санда, дайыма эмес, кез-кезде.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Мезгили жетсе да жакын арада көк чыкпай, күн сурданып, кезек-кезек кара бороон буркурап, элдин көзүн ачырбай жутатып туруп алды. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Кезек-кезек тору байталды курсакка күрс-күрс теминип алат да, капалуу, күйкөлөң сөзү менен кейип өзүнчө бирдемелерди кобурап кетет. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Кезек-кезек: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бурмаке бөкчөңдөп, күчү жок бутун араң шилтеп, тайгактан тая-тая кетип баратып, кыямат кайым эми орногондой кезек-кезек бирдемелерди кобурап коёт. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Көз алдындагы караңгы бурчту карап жатып, кезек-кезек бирдемелерди кобурап, жөөлүп коёт. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →