кезек

китептерде 180 жолу, 10 китепте
  1. Биринен кийин экинчисине жана андан аркыларына кезектешип өтө турган ирет, кезектешүүнүн белгилүү тартиби, катары, нөөмөт.
  2. Белгилүү бир учур, мезгил, убак, оңтойлуу учур.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Күндүзү кезек урушта, / Түндөсү баатыр Чигитей, / Түйшүктү салды бул журтка. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
талыттык, / Орой- торой чалыштык, / Ороолонуп көрүштүк, / Өчүгүшүп күрөштүк, / Баштан берки адатым, / Балачактан санатым, / Жети күндө бир тамак, / Иче турган кезегим, / Бирден- бирден санадым, / Бүгүн болуп калыптыр, / Тамак ичер убагым, / Тамактанып келейин, / Сенден нөөмөт сурадым, / Мени менен бирге бар, / Тамакты кантип… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Аркасында чачтары, / Аргамжыдай чубалат, / Бол жүргүнүң, болгун, деп / Лойалары кубалап, / Арка-алды көрүнбөйт, / Алай-дүлөй жер чаңдап, / Алакандай аз кыргыз, / Келаткан элди көргөндө, / Көптүгүнө таң калат, / Таанылар элге кезегим, / Келген экен эми, деп, / Кыран Чубак шаңданат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Экинчи Семей сайганда, / Тоосур кетти мүдүрүп, / Семетей сайган найзанын, / Зардабына чыдабай, / Кутургур жандан түңүлүп, / Токто кылып тура албай, / Семетей ойлойт ошондо: / “Эрдик кылып Кутургур, / Кезекке туруп берди, — деп, / Кезегин мунун бербесем, / Атама келет наалат кеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Жолчулардын кесиби болсо жолдун ташын терет, бузулган, суу жеген жерлерди, көпүрөлөрдү оңдойт; кыш болсо бирден чолокторун арнап, байлап коёт да, кезек менен Кызыл-Кыядан почто чыгарышат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →