кездеш

китептерде 45 жолу, 9 китепте
  1. Кез келүү, учурап калуу, жолугуу, кабылуу.
  2. Беттешүү, бетме-бет чыгып кармашуу, салгылашуу, алышуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…о-карта баатырдын, / Сийдиги чыгып бүркүрөп, / Касаба тоодой жарданып, / Албарстан найза карманып, / Качырып кирди шаңданып, / Манжу Бодоң, Бекбача, / Эрегишип кездешип, / Өлөр жерин чиктешип, / Өчүгүшүп көгөрүп, / Өткүр найза өңөрүп, / Качпай туруп сайышып, Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Медеркан сындуу казактын, / Кызы күйгөн кишиси – / Кездешип жүргөн душманы, / Ичине батпай үшкүрүп, / Медеркандын бушманы, / Ичкен ашын биле албай, / Же өлтүрүп кызын ийе албай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Же кездешип келген жоодонбу, / Жекме- жек чапан чечкенге? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Ошондо сага кездешем, / Тирүү болсом, өлбөсөм, / Ташкен менен Наманген, / Ортосунда ойдуңда. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Жүрүп отурушуп аз күндөн кийин Ормон менен Коргон кездешип чогуу жол улантышат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →