кездеме
- Жүндөн, пахтанын буласынан, ж.б. токулган текстиль товарлары.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…п, / Сулуу салган супадай, / Абышкага жарашып, / Кемпири бар жанында, / Майы калың учадай, / Сыр алдырбай зымырап, / Ийи майда матадай, / Келини бар буларда, / Кездеменин жибиндей, / Поруму түз мунайым, / Булгаарынын ийиндей, / Теңтуштары келгенде, / Күлө сүйлөп каркылдап, / Кучакташып көрүшүп, / Жаш кезиндей шаңкылдап, / Эрежед…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…н Бактыбай, / Жалаң кылыч колго алып, / Калың жерге жол салып, / Кырын бузбай кыйратып, / Кызыл канды агызып, / Сабын бузуп бөлүнтүп, / Чар тарапка капканын, / Кездемедин боосун чубалтып, / Баш аламан суналтып, / Жеткенин сайын ыргытып, / Көгүчкөндөй зыргытып, / Таң агарып атканда, / Тараза жылдыз батканда, / Окчундап качкан нем…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кечээ Темир хандын шаарынан, / Келдик эле башында, / Кер жорго минип шалкылдап, / Кездеме ичик жаркылдап, / Эми кантип кетесиң, / Кер байталды минип шалпылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Тогуз жүз койлуу тун уулу — Сааданбай тери шымдан бөлөк, өмүрүндө кездеме кийип көргөн жан эмес.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Султаналы кездеме саткан соодагердин жанына келип: "Бул адамдын акчасын алайын" деп ойлонуп, коюн кончуна тыгып акчаны ала берди.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →