кежирлик

китептерде 9 жолу, 6 китепте
  1. Өз билгенин бербей, кежир адатын карматкандык, кыйыктык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кежирлик кылып баспаса, / Кесип башын келемби? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Баласы бардыр бирөөнүн, / Ага-тууган, эл журту, / Эли бардыр дөөлөрдүн, / Менден кабар болгондо, / Келбегенин көрөйүн, / Кежирлик кылган ким болсо, / Кекиликтей мойнунан, / Кесип башын алайын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…айлык, / Аккуланын үстүнөн, / Оодара тарта албады, / Өзүм сүйрөп жөнөйм деп, / Оолугуп Соксо барганы, / Келгенин көрүп Соксонун, / Келбеттүү баатыр Манастын, / Кежирлиги кармады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Керкеңдеп кылсаң кежирлик, / Анда жакшы болбойсун, / Тирүүлүктөн үмүт үз, / Жер кучактап сойлойсун! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
…а андайга, / Алты бөлүм калдайга, / Айтып элге даң кылды, / Түнүндөсү уктатпай, / Түн төшөккө зар кылды, / Кыргызга барам дегели, / Калганга күндү тар кылды, / Кежирлик кылган кишини, / Бастырып уруп нан кылды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →