кежир
- Айтканга көнбөгөн, тил албаган кыйык, кыялы тетири, кеп жебес.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кылыктуу болгун боз балдар, / Баш кишиңер Орунбай, / Мойнуңду бурсаң кеп укпай, / Келгенде угам кылганын, / Мен кежирдин биримин, / Бириңе тийип кетпесин, / Бириңдин кылган кесирин, / Алын сурап тургула, / Жетим менен жесирдин, / “Карынын кебин бурчултпай, / Капка салып сактагын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кежириме тийбесең, / Кеңири оозур көрөсүң, / Тел кулундай тайтаңдап, / Тегеле эркин жүрөсүң, / Тескериленип куйлансаң, / Менден бир күн өлөсүң!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Оң айтканды сол алган, / Кежириң бардыр бириңдин, / Бирине тартса бирге жок, / Кем-керчиң бардыр бириңдин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Чачыкейди алганча ал, / Ала турган жесириң, / Кежирине тийбегин, / Жаалысы катуу жетимдин, / Өзүң билгин калганын, / Мен алдыңа келипмин, / Медет болор белиң жок, / Сен кыйаздан түңүлгүн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →