кежим
- Түктүү жибек кездеменин түрү.
- Алтын жип кошулуп токулган баалуу кездеменин түрү.
- Кооздук үчүн пайдалануучу алтын зым жип кошулуп токулган кымбат баалуу тор.
- Кооздолгон, кымбат баалуу ат жабуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…/ Болжогон айдан калбастан, / Балтыкка көчүп барышты, / Дөбөдөй болгон токсон миң, / Үйдү тигип салышты, / Мамыга тартып кермени, / Суурулган күлүк, жоргону, / Кежимдеп үрдүк жабышты, / Келиштирип кермеге, / Абдан байлап салышты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ажыкеңдин Карткүрөң, / Кармап алып калмактар: / — Кежим салып жабуулап, / Эсен хан минер мал экен, / Байлап койуп чабуулда, / Көрккө салаар чагы экен, / Алты ай минсе арыбас.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Деп көк жалың кулуңдөп, / Тайбуурулдай күлүккө, / Жолборстон үртүк чаптырып, / Жибектен кежим тактырып, / Алтын менен саптаган, / Пил терисин каптаган, / Чымын тийсе кыңк эткен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Он төрт аттын ичинде, / Көргөндө салты башкача, / Кежимден жабуу жабылган, / Жембаштыгы манаттан, / Такта соору тайган төш, / Тамдай болгон Буурул ат, / Ал ырыстуу эрдин малы экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →