кежиге

китептерде 5 жолу, 3 китепте
  1. Желке, моюндун арт жагы.
  2. Бир нерсенин сырт жагы, арт жаккы багыты.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…п калган Каныкей, / Кара сурдун сулуусу, / Катындардын нурдуусу, / Ургаачынын мыктуусу, / Узун чачтын ыктуусу, / Кең көйнөктүн тазасы, / Зайыпзаттын баашасы, / Кежиге чачы жүн менен, / Кешигинен эмгеги – / Кейиши мунун көп экен! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Манастап ураан чакырып, / Кежиге Кыргыл жетиптир, / Жеткен жерде Кыргылды, / Кагып ийип найзасын, / Капталдан ары бир сайды, / Бир сайууга жарабай, / Жер кучактап жыгылды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Канчыкты көрүп эр Сейит, / Оңдоп байлап бекемдеп, / Кененим айткан кеп менен, / Кежиге чачын кестирип, / Сол кулагын шиш менен, / Көзөй сайып тештирип, / Жедигердин элинде, / Кармаганда жеринде, / Кененимдин кептери, / Түк калбаган эсинде. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Стражник баркылдап сөгүп, ат менен тепсетип, кам-чынын алдына алчудай бир эсе качырып барып, бир эсе кайра тартып турду да, бул жерден эчтеме өңбөсүнө көзү жеткен соң, бир убакта жалгыз дунганды алдына салып, кежигеден түртүп, айдап алып ары карай кетти. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →