кедеңде
- Кедең-кедең этүү, тепеңдеп тез жүрүү, ылдам кыймыл жасоо (көбүнчө балага, кичине кишилерге карата айтылат) Кедеңдеген бала алдыга узап, карааны көрүнбөй калган атасынан адашып, жер тепкилейт («Ала-Тоо»).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Анда Жакып муну айтат: / — Алооке менен Кедеңдей, / Каалап алып бергендей, / Кайсы менин уулум бар?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…, / Манасты бөлүп таштасак, / Тепсегендей кырманды, / Кетер бекен майдалап, - / Бокмурун балан дегенче, / Бир жообун ачык бергенче, / Агыш, Түштүк, Керкөкүл, / Кедеңдешип элире: / — Манас келсе бул ашка, / Биз келбейбиз деди эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ажыбай менен Түмөнбай, / Аста басып кедеңдеп, / Аттарын минип кайтышты, / Артын карап элеңдеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →