кедерги
- Кандайдыр бир иштин, тилектин, максаттын ишке ашпоосуна, аткарылбай калышына себеп болгон тоскоолдук, жолтоо, каргаша.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көп ойлонуп турбайын, / Кайсы жактан келди экен, / Кедерги изин кубайын” — / Деп, ойлонуп жатканда, / Эми тушту ойума, / Семетей кебин айтарга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →