кебетеси

китептерде 22 жолу, 9 китепте
  1. Болжолдоо, окшоштуруу, кандай экендигин жалпылап сыпаттоо маанисинде колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Чачынан байлап аскандай, / Кебетеси, кешпири, / Сын-сыпаты баарысы, / Дал адамдын башындай, / Мөмөлүү жыгач чер көрдү, / Кылыч менен жара чаап, / Эки бөлүп койгондой, / Жарты адамды көп көрдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Келе жаткан Кенендин, / Кебетесин байкады, / Күүгүмдөгү устадай, / Өңү күүгүм сурданып, / Күүгүм туман көздөнүп, / Майлаган буудай жүздөнүп, / Мурутуна муз тоңуп, / Кабагынан кары жаап, / Жаалы чыгып бетинен, / Жалын чыгып көзүнөн, / Көргөн адам айбыгат, / Келе жаткан түрүнөн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жаңы бышты жазга асый, / Кебетеси ушундай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Гүлүстөндү караса, / Айткан кеби бал экен, / Ак пейилдүү жан экен, / Кебетеси кешпири, / Сын-сыпаты, белгиси, / Баарысынан зал экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Беттешип келген эки дөө, / Кебетесин көргөндө, / Бири бүркүт, бири шер, / Сапырылып кетерби, / Мына бу турган кара жер? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →