кебете

китептерде 5 жолу, 4 китепте
  1. Кимдир бирөөнүн же бир нерсенин көзгө элестелген, көрүнгөн түспөлү, турпаты, өңү-түсү.
  2. өт. Кимдир бирөөнүн кыял-жоругу, жүрүм-турумуна карата айтылат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жигиңди айтып билдиргин, / Бекер киши эмессиң, / Кебетеңден мен билдим. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кебетеңден байкаймын, / Кең далылуу баатырсың, / Кепке салбай кедейди, / Келген дайнын айтырсың. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…, / Эр Манаска берерсиң: / Толкуганда бууланган, / Көргөндүн өңү кубарган, / Чубакка түрүң берерсиң: / Киргенде кыйан сел аккан, / Келе албай бенде зарыккан, / Кебетеңди эл көргөн, / Сен Сыргакка берерсиң: / Бээден тандап тогузду, / Жолуңа сенин берейин! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кебетеңди байкасам, / Эки бетиң толуксуң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Коромжу менен Бакдөөлөт, / Колуңдан өлдү экөө тең, / Арстандык сының бар экен, / Кара көктөй кебетең. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →