кеберси
- Эриндердин кургап, кесилип, жарылып кетүүсү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кейишти тартып өң кетип, / Кеберсип ээрдим турганда, / Көргөн киши жаныма, / Түз бастырып келгени: / «Жаш экенсиң жан кыйнап, / Мында жатпа сен, — деди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Тилдери аттын чубалып, / Тизесинде салаңдап, / Кеберсип эрди жарылып, / Айабай суусап бек чаңкап, / Көзү соолуп суусундан, / Тынуусу демге кысылып, / Кара тер бойдон сызылып, / Барган сайын от чыгып, / Балакеттүү кум ысык.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…/ Айтып кабар салышты, / Койгон аты Чойтолоң, / Көркөм жигит болбосо, / Келишимдүү койкойгон, / Түк күлбөгөн аз сүйлөп, / Бойлуу киши зоңкойгон, / Алдыңкы эрди кеберсип, / Ач калгандай томсоргон.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Анын кабагы бүркөк, ээрди кеберсип кеткен.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Ыйманкул ач окшойт көрүнүп турат: эки жаагы сорулуп, көздөрү чүңүрөйүп, керээли кечке шамалда жүргөн койчудай ээрди кеберсип кургап турат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →