кебелбес

китептерде 4 жолу, 2 китепте
  1. Туруктуу, чың, бекем, өзгөрбөс.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…н жүрөк таш билек, / Коркпой турган Алмамбет, / Жайык маңдай жазык төш, / Ажыдаар ооз, жалын көз, / Жан катылчу неме эмес, / Арзандык менен бендеге, / Оморулуп кебелбес. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…Маа жолу Сейити, / Коргошун жүрөк, жел билек, / Адамдар коркор эр эмес, / Жалгыз кара бир башын, / Сан кишиге теңебес, / Зоңконун зоосу сыйактуу, / Өзүн ойлойт кебелбес, / Төрт атасын төп айтты, / Манастын атын көп айтты, / Сейити атым деп айтты, / Канчыкты кармап алам, деп, / Көрсөтүп кызды мага айтты, / “Тийишпесе тийбеймин,… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…ардын бири ал, / Мунун жайын билип ал, / Элүү киши бир сапар, / Кармалбай колу шал болуп, / Кара бойу дал болуп, / Кара терге чумулуп, / Эси ооганча урса да, / Кебелбестен кенедей, / Эчтемени элебей, / Турган болчу ченебей, / Өтпөйт буга түк тайак, / Ошондуктан мыкты деп, / Атанган болчу зор Чанак. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Он төртүндө аттанган, / Керкитке салган чуулган, / Кененимден туулган, / Кебелбес Сейит жолборсуң, / Атанын тилин албаган, / Айтканына жеткирбей, / Армандуу кылды шум жалган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →