кебел
- Кыймылга келүү, жылуу ордунан козголуу (терс формада гана колдонулат).
- Капарына албоо, кенебөө, тоотпоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Баштыгы чыксын ханы, — деп, / Балбаны болсо дагы, — деп, / Белдүүсү чыксын эри, — деп, / Бешенеме жазганды, / Мен көрөйүн деги, — деп, / Бекер элге чуу салып, / Өлтүрбөйүн бул элди, / Түзгө чыксын мейли” – деп, / Карап турду Чигитей, / Кебелип койбойт апкаарып, / Аскери көп немедей.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
деп, / Мындан коркуп мен качсам, / Күчкө күчүн улады, / Капташып калган убагы, / Күжүлдөгөн Ачакан, / Күүлөп найза сундуруп, / Кененимге урганы, / Кенебей да, кебелбей, / Шер Кененим турганы, / Ачакандын найзасы, / Түпөгүнөн такалды, / Өтпөй найза какады, / Олпокко салган булага, / Оролду найза темири, / Кайраттанып Ачакан, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Айкөл Манас ээлебей, / Эчтемкеден кенебей, / Бөкөлөрдү көргөнсүп, / Карап турат кебелбей, / Кудай артык жараткан, / Сүйгөн шерин ченебей!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кебелбейт да, кенебейт / Эр Сейитим элебейт, / Дардаңдаган Тапакты, / Бучкагына теңебейт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Тоосур менен Кутургур, / Кебелбейт да, кенебейт, / Кара дөөнүн найзасын, / Бит чакканча элебейт, / Кудай урсан кутургур, / Бучкагына теңебейт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →