кебездей

китептерде 6 жолу, 4 китепте
  1. Өтө жумшак, назик.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жым-жым этип зымырап, / Зоо болуптур Бекбача, / Кара кулка кабылан, / Шер болуптур Бекбача, / Чалкайган жайлоо төрүндөй, / Кең болуптур Бекбача, / Кекенишкен ким болсо, / Кем болуптур Бекбача, / Аркадан шамал айдаган, / Кебездей булут тараган, / Жел болуптур Бекбача. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…ал, азык жол менен, / Лопнурдун бойу шор менен, / Жибек артып, шай артып, / Катарлап чиркеп, төө тартып, / Кербендер өтчү жол менен, / Кеңкула менен Кененим, / Кебездей аппак шор менен, / Какшып жаткан чөл менен, / Жылып аккан кум менен, / Турпан менен комулду, / Катар басып аралап, / Баркөл менен Манасты, / Байкап өттү чамала… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…ан, / Эшигинин алдында, / Ак байрак-желек” деп уккам, / Элден эркин бир жерде, / Суу бойунда ээн жерде, / Ак желек турган желбиреп, / Ак сакал адам олтурган, / Кебездей бети мелтиреп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кең соорусу келишкен, / Кебездей болгон көкүлү, / Көзүнө ченеп керткендей. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Кытайдан келген Алмамбет, / Кыйамат кеткен нечак — деп, / Бет алган жакка тырышкан, / Кебездей ичи аппак — деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →