кебез
- эс. Пахта.
- Пахтадан чыгарылган була.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ен иши жок, / Кайран Сыргак муну деп, / Хан Манастын камын жеп, / Тай жарышым калганда, / Кайра качты калдаңдап, / Эки этеги далбаңдап, / Эки буту салбаңдап, / Кебез өтүк, кең белбоо, / Кечилдин ханы Коңурбай, / Байа Алмамбет айткандай, / Алмамбет менден качты деп, / Арбагым андан ашты деп, / Акылы чындап шашты деп, / Алдыд…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…нсе болгону, / Кулакка сөйкө келинге / Жай кеңешип олтуруп, / Алып барсаң болбойбу, / Адашып жолдон каласың, / Күлчоро кулду артыңа, / Салып барсаң болбойбу, / Кебез байлап башына, / Төөчү минчү Көктокол, / Алып барсаң болбойбу, / Куру алпарбай көк атты, / Кол куржунга алтынды, / Артып барсаң болбойбу, / Туудан тандап кырк …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Гүлчоро нике кыйды эле, / Алтындан кылган тактыга, / Кебезден кылган пахтага.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Карабуура,Чаткалдан, / Айагы куйуш Самаркан, / Күн чыгыш көздөй толгонуп, / Сол колуна айланган, / Ташкен менен Наманген, / Анжыдан менен Маргалаң, / Атактуу залкар Кебезтоо, / Бөксөлөп баарын айланган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Булбул Асандын эки көзүн кебезге ороп, эки канатынын алдына катып коёт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →