каңшыла
- Үнүн ичке чыгарып дабыш салуу (көбүнчө итке карата айтылат).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…мөөрөп бултулдап, / Мен да айтам кабар, деп, / Толкуп суулар чулкулдап, / Мен айтамын анык, деп, / Кашкулактар мултулдап: / Айгыр айтып аркырап, / Бээлер айтып каңшылап, / Койлор маарап чуркурап, / Иттер айтып кыңшылап, / Кененимди көргөндө, / Жан-жаныбар бөй-чайан – / Баары чыкты кыбырап, / Өлбөгөн тирүү немеси, / Бири калбай…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Бетин тытып алсак, деп, / Карабөрк менен Накылай, / Каңшылап турду канчыктай, / Эки катын жулунуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Улуп кулак тундуруп, / Уктатпайт бөрү түнүндө, / Катынча күлүп каңшылап, / Чөөлөрү чуркайт күүгүмдө, / Элебесе жеп кетет, / Көз байланган бүрүлдө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Деп айтканда Гүлүстөн, / Кудай урсун Сарыбай, / Кутурган иттей ажылдай, / Межиндей каңшылай: / — Сен Алмамбет уулу болгондо, / Башың боолуу кулусуң, / Атаңдан калган мурасың – / Кыргызга кызмат кылшың!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кишинеп аты аркырап, / Эки тайган каңшылап, / Жакын жетип барганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →